Окутууну дифференциациалоо

Википедия дан

Окутууну дифференциациалоо - (дифференциация обучения) – окуучулардын каалоосун, шыгын, кызыгууларын жана жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен уюштурулган окутуунун түрү. Окутуунун дифференциациалоону адатта эки түргө бөлүшөт: ички дифференциациалоо жана тышкы дифференциалоо. Ички дифференциалоо туруктуу калыптанган класстын, группанын ичинде ишке ашырылат. Бул учурда негизинен окуучулардын бул же тигил окуу предметин өздөштүрүүсү эсепке алынат да, алар бир нече топторго бөлүнөт. Ар бир топко анын мүчөлөрүнүн даярдыгынын деңгээлине жараша тапшырмалар берилүү менен окуу процесси уюштурулат. Сырткы дифференциациялоодо окуучулардын каалоосуна, шыгына, жөндөмүнө жараша алар үчүн атайын мектептер, (мисалы, физика,математикалык), класстар ачылат, факультативдик, кружоктук жана башка группалар түзүлөт. Кийинки мезгилдерде ички дифференциалоо жана тышкы дифференциациялоо терминдеринин ордуна тиешелүү түрдө деңгээлдик длифференциациялоо жана профилдик дифференциациялоо деген терминдер колдонула баштады. Ал терминдер менен туюнтулган түшүнүктөрдүн окшош жактары болгону менен, айырмачылыктары да бар. Алсак, деңгээлдик дифференциалоодо бул же тигил окуу предметин өздөштүрүүгө карата бардык окуучулар үчүн бирдей, минималдуу деңгээлдеги талаптар коюлат. Предметти ал талаптардын деңгээлинде өздөштүргөн окуучу ошол деңгээлде эле калууну же андан жогорку деңгээлдерге жетүүнү өзүнүн каалоосу боюнча чечет. Ал эми профилдик дифференциалоодо окучулар каалоолоруна, ошол эле учурда болочоктогу кесибинин профилиндеги окуу предметтери боюнча даярдыгынын деңгээлине жана шык-жөндөмдүүлүгүнө жараша өзүнчө класстарга бөлүнүшөт да, тиешелүү предметтер тереңдетилип жана кеңейтилип окуп үйрөнүлөт. Деңгээлдик дифференциалоодо да, профилдик дифференциалоодо да, окуучулардын каалоолору, кызыгуулары толугураак эсепке алынуу менен демократиялуу, гумандуу мамиле ишке ашырылат, алардын шыгын, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу жагдай түзүлөт.