Окутууну дифференциациялоо
Окутууну дифференциациялоо – окуучулардын каалоосун, шыгын, кызыгууларын жана жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен уюштурулган окутуунун түрү. Окутуунун дифференциациалоону адатта эки түргө бөлүшөт: ички дифференциация жана тышкы дифференциация.
- Ички дифференциация туруктуу калыптанган класстын, топтун ичинде ишке ашырылат. Бул учурда негизинен окуучулардын бул же тигил окуу предметин өздөштүрүүсү эсепке алынат да, алар бир нече топторго бөлүнөт. Ар бир топко анын мүчөлөрүнүн даярдыгынын деңгээлине жараша тапшырмалар берилүү менен окуу процесси уюштурулат.
- Тышкы дифференциацияда окуучулардын каалоосуна, шыгына, жөндөмүнө жараша алар үчүн атайын мектептер, (мисалы, физика-математикалык), класстар ачылат, факультативдер, кружоктук жана башка топтор түзүлөт.
Кийинки мезгилдерде ички жана тышкы дифференциациялоо терминдеринин ордуна тиешелүү түрдө деңгээлдик длифференциациялоо жана профилдик дифференциациялоо деген терминдер колдонула баштады. Ал терминдер менен туюнтулган түшүнүктөрдүн окшош жактары болгону менен, айырмачылыктары да бар:
- Деңгээлдик дифференциацияда бардык окуучулар үчүн предметти өздөштүрүүнүн минималдуу деңгээли талап кылынат. Окуучу бул деңгээлде калууну же андан жогорку деңгээлге көтөрүлүүнү өз каалоосу боюнча чечет.
- Профилдик дифференциацияда окуучулар өз каалоолоруна, келечектеги кесиптик багытына жана жөндөмүнө жараша бөлүнүп, тиешелүү предметтерди тереңдетип окушат.
Деңгээлдик жана профилдик дифференциацияда окуучулардын кызыгуулары эске алынып, гумандуу жана демократиялык мамиле ишке ашырылат. Бул алардын шыгын жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Виды дифференциации обучения Гимназия №38