Окутуу сөздүгү

Википедия дан

Окутуу сөздүгү – окутуу ишмердүүлүгүндө окуучунун бул же тигил предметтер боюнча билим алуусуна көмөк көрсөтүү багытында, мектеп минимумунун четинде, мазмундук-тематикалык көлөмдө түзүлгөн сөздүктөр. Алар окуучуга ылайыкталат да, негизинен мектеп программасынын алкагын камтыйт. Бир нече жолу окуучулар үчүн Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Орусча-кыргызча сөздүктөр басылган жана Татаал сөздөрдүн орфографиялык сөздүгү (түзгөн К. Сейдакматов, 1985), Э. Абдулдаев, К. Сейдакматовдун «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» (Ф., 1990) сыяктуу окуу сөздүктөрү жарык көргөн. Мындай окуу сөздүктөрүнүн максатымаалыматтарды тереңирээк жеткирүү жана окуучулардын өз алдынча иштеп, билимин тереңдетүүгө шарт түзүү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004