Окчу

Википедия дан

Окчу этноним. Манастын Шоорук кан менен болгон урушун сүрөттөөдө Шоорук кандын иш-аракети жөнүндө төмөнкүдөй айтылат:

Кара-Тегин жол салып,

Алайда жаткан кыргызга

Кошуну келип кол салып,

Нойгутка ойрон салыптыр,

Ошпурдун айлын оңдурбай,

Окчуну чаап алыптыр.

Окчу кыргыз уругу,

Ойбой салып куруду (Сагымбай Орозбаков , 2. 205).

О. эпосто кыргыз уруусу деп берилет, көбүнчө думара менен катарлаш айтылат.

Катаган, дөлөс, набаттан

Калың кыргыз баары бар,

Окчу менен думара

Найман, шаңгай дагы бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 152).

«Манас» эпосунда салттык түрдө О. сары уйсун, думара, кыдырша жана башкалар кыргыздын байыркы урууларынын аттары «ичкиликтер» бөлүгүндө этноним катарында учурайт. «Орчун кыргыз уругу, окчу Каракесек бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 68). Ошондой эле ичкилик кыргыздарда О. аттуу майда уруу сакталып калган. Ал кызыл аяк деген уруунун ичиндеги кыргызкыпчак уруусуна кирет.

Окчу кыргыз уругу,

Ыспаранын улугу,

Көкжору чыкты бу жактан,

Баскан бойдон байпактап

Байкап келди тыяктан (Сагымбай Орозбаков, 2. 51).

Демек, ичкиликтердин курамындагы эски уруулардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4