Оливер Твист

Википедия дан
Оливер Твист (1938).

"Оливер Твист" (англ. Oliver Twist, or The Parish Boy's Progress) - англиялык жазуучу Чарльз Диккенстин экинчи романы. 1837-39-жылдар арасы китептин сериялары жарыкка чыккан. Романдагы окуяда, жумушчулар үйүндө төрөлүп жетим калган жана көмүү бюросунун ээсине шакирттикке берилген Оливер Твисттин турмушу баяндалган. Оливер Лондонго качып, ал жерде Фагин аттуу кылмышкердин кол астында иштеген жаш чөнтөк уурусу Артур Дожер менен таанышат.

Диккенс романында кылмышкерлерди жагымсыз сүрөттөп көрсөтүүсү жана алардын балит жашоосун чагылдырганы үчүн таанымал, ошондой эле, жазуучу 19-кылымдын ортосундагы Лондондогу жетимдерге жасалган катаал мамиленин бетин ачкан. Романдын "Оливер Твисттин укмуштуу окуялары" (англ. The Parish Boy's Progress) аталышы Баньяндын "Пилигримдин укмуштуу окуялары" (англ. The Pilgrim's Progress) жана Уильям Хогарттын "Рэйктин укмуштуу окуялары" (англ. A Rake's Progress) менен "Харлоттун укмуштуу окуялары" (англ. A Harlot's Progress) романдарына шилтеме болгон.

Диккенс коомдук романында өзү жашаган заманын шылдыңга салып, балдардын эмгегин пайдалануу, өспүрүмдөрдү кылмышка азгыруу жана көчө балдардын пайда болушу маселелерди чагылдырат. Роман 1830-жылдары белгилүү болгон пахта талкалоодо бала кезинде иштеген жетим калган Роберт Блинконун турмуш окуясындан таасирленген. Диккенс чыгармасында өзүнүн турмуштук тажрыйбасын чагылдырганы божомолдонот.

"Оливер Твист" бир нече медиага адаптацияланган, анын ичинде "Оливер!" (англ. Oliver!) мюзиклы жана 1968-жылы Оскар сыйлыгына ээ болгон тасма. Disney 1988-жылы "Оливер жана компания" (англ. Oliver & Company) аттуу анимацияланган тасманы экранга чыгарган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]