Чарльз Диккенс

Википедия дан
Чарльз Диккенс.

Чарльз Диккенс (7. 2. 1812, Улуу Британия , Лендпорт – 9. 6. 1870, Гейдсхилл) – англиялык жазуучу. Туңгуч чыгармасы – «Боздун очерктери» (1836). 1837-ж. Д. «Пиквик клубунун жазмалары» аттуу роман жазган. Адегенде реалисттик сатира жазууга аракеттенсе, ки йин сынчыл реализм жолуна өткөн. «Оливер Твисттин укмуштуу окуялары» (1838) аттуу романында кедей-кембагалдын, жумушсуздардын ачкадан өлүшүн баяндаган. Бирок роман «кайрымдуу» капиталисттердин жеңиши менен аяктаган. «Николас Никльбинин өмүрү жана жоруктары» (1830) романында мектеп окуучуларын тарбиялоонун зулумчул ыкмаларын ашкерелеген. «Мартин Чезлвит» (1844) романында Түштүк Америкада залимдердин негрлерди кул кылышын, бурж. коомчулукту сынга алган. «Домби жана уулу» (1848), «Дэвид Копперфилд» (1850) романдары менен Д. реалисттик чыг-лыктын айдың жолуна түшкөн. Улуу Британияда чартисттер кыймылы басылгандан кийин 1848-жылдан авантюралык романдан социалдык проблемалуу роман жазууга өткөн. Мисалы, «Муздак үй» (1853) романында окуя көп жылдык сот ишинин тегерегинде өтөт. Чыгармаларында («Кыйын кезеңдер», 1854, «Кичинекей Доррит» (1857) эзилген эл таламын талашкан. Улуу француз революциясына арналган «Эки шаар жөнүндө баян» (1859) романы Диккенстин чыгармачылыгында көрүнүктүү орун ээлеген. Диккенстин акыркы романдары: «Чоң үмүттөр» (1861), «Бардыгыбыздын досубуз» (1865), «Эдвин Друддун сыры» (1870) деген чыгармалары курч окуялуу жанрга жакын. «Дэвид Копперфилд» (1850) романы өмүр баяндык белгилерге ээ.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1