Олигохеттер

Википедия дан
Lumbricus terrestris.

Олигохеттер (лат. Oligochaeta) – муунак курттар тибинин классы. Узундугу 1 ммден 2,5 мге чейин. Сегменттеринин саны 5–7ден 600гө жетет. Жыш түктүүлөргө караганда түктөрү аз. Алар капталдарында ар бир сегментте 2ден топ болуп жайгашкан. Сезүү органы жок. Сууда жашаган кээ бир формаларынын көзү болот. 25–27 тукуму, 5 миңге жакын түрү бар. Жер жүзүнүн бардык аймагында таралган. Көпчүлүгү топуракта же тузсуз сууларда, 200дөй түрү деңизде жашайт. Алардын детритофагдары, жырткычтары жана мителери да бар. Гермофродиттер. Жыныс органдары бир нече сегменттеринде жайгашкан. Жыныс жана жыныссыз жол менен көбөйөт. Топуракта жашоочулары гумус пайда кылып, топурактын күрдүүлүгүн жогорулатууга катышат. Сууда жашоочулары жалпы бентостун негизин түзүп, кир суунун өзүн-өзү тазалоосуна жардам берет. Балыкка жем.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]