Олинф согушу

Википедия дан

Олинф согушу (б. з. ч. 349348) — македон падышасы Филипп Инин Олинф шаарынна жана Халкидика ж. аймагында­гы анын союздаш 32 шаарына каршы согушу.

Филипп II Халкидиканын бир катар шаарын каратып, 348-ж. жазында Олинфти алган да, аны талап, талкалап, өрттөп жиберген. Калкынын көбү кенде иштөөгө кулдукка сатылып, бир бөлүгү Фракияга көчүрүлгөн.

Демосфендин маалыматы боюнча Олинфке союздаш шаарлар да ойрондолгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.