Мазмунга өтүү

Фракия

Википедия дан

Фракия (грек. Θράκη, болг. Тракия, түрк. Trakya, лат. Thracia) — Балкан жарым аралынын чыгыш бөлүгүндөгү — Эгей, Кара, Мрамор деңиздеринин аралыгындагы тарыхый аймак.

Фракия
 Болгария,
 Грекия
Түркия Түркия
Фракиянын тарыхый туусу. 1821.
ТүркияЧыгыш Фракия
ГрецияБатыш Фракия
БолгарияТүндүк Фракия

Байыркы Фракияны алгач пеласгилер, кийин фракийлер мекендеген. Демокриттин мекени — Авдера белгилүү шаарлардын бири катары эсептелген. Антикалык доордо деңиз жээктеринде грек кыштактары (Византия деп аталган) негизделип, Kapa деңизден Жер ортолук деңизге жана Европадан Азияга өтүү жолундагы маанилүү соода түйүнү болгон. Византия байлыктары римдиктерди кызыктырган. Б. з. ч. 1-кылымда Фракия аймактары Байыркы Римдин контролдугуна өтүп, б. з. 330-ж. Византия ш. Константинополь (император Константиндин урматына) деп өзгөрүп, Рим империясынын борбору болуп калган. 6-кылымда Фракияга славяндар отурукташкан. Фракиянын айрым бөлүгү Биринчи Болгар падышалыгынын (680-1018) курамына кирген. 1204-ж. Фракия Латын империясына караган. 15-кылымда Фракияны Осмон империясы басып алган.

Берлин конгресси (1878) боюнча бир бөлүгү Чыгыш Румелияга (1855-ж. Болгар княздыгы менен бириккен) кошулган. Биринчи Балкан согушунан (1912) кийин Лондон тынчтык келишими (1913) боюнча Фракия дээрлик бүт бойдон Болгариянын карамагына өткөн. Экинчи Балкан согушунан (1913 ) кийин Бухарест тынчтык келишими (1913) боюнча Болгария Батыш Фракиянын бир бөлүгүн Грецияга берген. Константинополь тынчтык келишими боюнча Чыгыш Фракия Лозенград (Кирк-Килисе), Люле Бургаз, Адрианополь (Эдирне) менен кошо Түркияга өтүп, Болгарияда Батыш Фракиянын бир бөлүгү гана калган. Биринчи дүйнөлүк согуштан (1914-1918) кийин Севр тынчтык келишимине (1920]) ылайык Чыгыш Фракия Грекияга өткөн. Лозанна тынчтык келишими боюнча (1923) Чыгыш Фракия (Адрианополь менен кошо) кайра Түркияга өтүп, Батыш Фракия (Ксанти, Комотини жана Эврос) Грекияга, Түндүк Фракия Болгарияга калтырылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4