Олуяата рапонтикуму

Википедия дан

Олуяата рапонтикуму (лат. Stemmacantha aulieatensis (Jljin) М. Dittrich, syn. Rhaponticum aulieatense (Jljin)) - Көп жылдык тамыр-сабактуу өсүмдүк. Тамыр сабагы салыштырмалуу тик жайгашып, жогору жер үстүнө жакын бөлүгү көп башчалуу. Сабактары 1–3 кө чейин, узундугу 6 дан 40 см ге чейин жетет. Жалбырактарынын төмөнкү жана жогорку бөлүктөрү сейрек ичке түктүү, канаттай-бөлүктүү; бөлүктөрү текши эмес тишчелүү. Жан тамыр жана төмөнкү сабактагы жалбырактарынын узундугу 8–12 см, туурасы 2–3 см, жалбырак саптуу; сабактагылары болсо сапсыз келип, канаттай-айчыктуу, жээктери быржыктуу. Ороочунун туурасы 3,0–3,5 см, жылаңач. Корзинасынын диаметри 4-7 см. Гүлдөрү сары, кызгылтым-сыя, гүлдөп бүтөөргө жакын сыя-көк темгилдүү.Таажычалары 1,7–2,0 см узундукта. Урукчалары 5–6 (10) см узундукта, агыш-күрөң тактары бар. Көкүлү ак, үч катар, ачык кызгылт-сары кыймалары менен.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Май-июнң айларында гүлдөп, июнң-июлда урук байлайт.Уругу менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Алатоосунун батыш бөлүгү, Эчкилүүтоо, Акташ жана Талас тоо кыркасынын Каракоюн дарыясынын бассейни.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арчалуу токой алкагынын таштак жана шагылдуу тоо беттеринде өсөт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаратылышта аз санда таралган.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын чарбачылык аракеттери: жай мезгилинде жайыттарды ыксыз колдонуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыш алдында коллекциялык питомникте себилгенде, жазында текши өнөт. Биринчи жылы өсүмдүктөрү тутам жалбырак байлайт. 5 жыл өткөндөн кийин жалгыздан экземплярлары калат. Сугатты сүйбөйт. Уруктары 5 жылдан кийин деле өнүмдүүлүгүн сактайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Популяциясынын жаратылыштагы абалын, биологиясын жана көбөйүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Түрдүн эң көп топтолгон аймактарында ботаникалык заказниктерди уюштуруп, дары өсүмдүк катары Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багына интродукциялоо.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

EN. Өтө сейрек кездешкен түр. Жоголуп кетүү коркунучунун алдында турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]