Олуяата трихантемиси
Олуяата трихантемиси (лат. Trichanthemis aulieatensis (B. Fedtsch.) Krasch, syn. Pseudoglossanthis aulieatensis (B. Fedtsch.) Poljak) - Көп жылдык, чачыранды түктүү, бийиктиги 20-40 см ге чейин жеткен, жоон, көп өзөктүү, жыгачтанган тамырлуу өсүмдүк. Көпчүлүк сабагы начар жалбырактанган, сабагынын түбү жыгачтанган, бутактуу, жогору бөлүгүндө жөнөкөй, тик же түбүнөн чыгып, начар жалбырактанган. Жалбырактары түксүз же билинер-билинбес түктүү, топуракка жакындарынын узундугу 10 см, туурасы 2 см ге чейин, канаттай же кош канаттай бөлүктүү, жалбырак сапсыз. Гүл чанактары жалгыздан, ороочторунун узундугу – 6-8 мм, туурасы – 14-23 мм, желекчелери терилүү, четтери кеңири күрөң-буурул жаргак сымал сызмалуу, сырткылары жазы ланцеттей, ичкилери узунча сызыкчадай; гүлдөрү ар түрдүү, четкилери- энеликтери тил сымал кызыл-ак гүл коргондуу; ортоңкулары эки жыныстуу, түтүкчөдөй жыш түктүү гүл коргондуу. Урукчаларынын узундугу 2,5-3,2 мм, кырдуу, жыш түктүү, паппусу – таажы сымал, чел кабыктай түрпүлүү.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Май-июнда гүлдөп, июлда уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түштүк Казакстан (Кыргыз тоо кыркасынын түндүк бетинин батыш бөлүгү, Алмасай капчыгайы, Сырдарыя Каратоо кыркасы) жана Кыргызстан (Эчкилүүтоо тоо кыркасы, Кыргыз тоо кыркасынын түштүк бетинин батыш бөлүгү, Карарча капчыгайы).
Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылгалуу жана арча токойлорунун таштактуу беттеринде 1400-1800 м абсалюттук бийиктиктер.
Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түрдүн саны аз, ал бир нече гана жерлердеги чогултуудан улам белгилүү жана акыркы 15 жылда табылган эмес.
Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Антропогендик. Жогору декоративдүү өсүмдүк катары гүлдөрүн калк массалык түрдө чогултуп, жайыттарда мал көп жайылат. Уругу аркылуу калыбына келүүсү жокко эсе.
Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
СССРдин Кызыл китебине 1975-жылы киргизилген, Казак ССРинин Кызыл китебине 1978-жылы киргизилген, Кыргыз ССРинин Кызыл китебине 1985 жылы киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түрдүн популяциясына көзөмөлдүк кылып, ал өскөн аймактарын корукка алып, жогору декоративдүү өсүмдүк катары өстүрүү зарыл.
Cтатусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
EN. Монотиптүү секциянын өкүлү, сейрек ( кууш) кездешкен эндем, жогору декоративдүү өсүмдүк.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7