Омбудсман

Википедия дан

Омбудсман – атуулдардын укугун камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн мамлекеттик кызмат.

Акыйкатчы – Кыргызстандын Омбудсманынын (Ombudsman) кызматынын кыргыз тилинде аталышы. Кыргызстандын Акыйкатчысы өлкөнүн Жогорку Кеңеши (парламенти) тарабынан шайланат.

Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу болгон. Ал бул кызматты 2002-2008-жылдары аркалаган (2002-жылдын 13-декабрында ант берип, кызматка расмий киришкен).

2008-жылдын 14-февралында белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун бул кызматка шайланып, 21-февралда ант берип, ошондон бери Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматын аркалап келет.

Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстандын Акыйкатчысы атуулдардын укугун коргоо жаатында бир катар иш-аракеттерди жигердүү жүргүзүп келди.