Акыйкатчы

Википедия дан
Омбудсмен‎»‎ барагынан багытталды)

Акыйкатчы — айрым өлкөлөрдө аткаруу бийлик органы жана кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнө карата жарандардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында атайын жоопкерчилик ыйгарылган кызмат адамы. «Акыйкатчы» түшүнүгү алгач 18-кылымдын башында шведдерде пайда болгон. 1713-ж. швед королу Карл XII «Канцелярия жөнүндө» жободо акыйкатчы кызматын киргизген. Кийин акыйкатчы институту Финляндия (1919), Эстония (1938), Норвегия (1952), Дания (1953) ж. б. Скандинавия өлкөлөрүнөн Европа, Америка, Азия, Африка, Океаниянын көптөгөн өлкөлөрүнө кеңири тараган. Азыркы учурда адам укуктарын коргоону милдет туткан дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө акыйкатчы институту бар.

КР Президенти 2002-ж. 31-июлда «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө» мыйзамга кол коюп, КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан мыйзам кабыл алынган. 2002-жылдын 21-ноябрында КР акыйкатчысына биринчи жолу шайлоолор өткөрүлүп, 2002-ж. 13-декабрда акыйкатчы расмий түрдө ишке киришкен. Ал КР жарандарынын конституциялык укугун жана эркиндигин сактоону көзөмөлдөйт. 5 жылга шайланып, мөөнөтү бүткөнчө кол тийгис укукка ээ.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]