Омметр

Википедия дан

Омметр (ом жана ...метр) — өткөргүчтөрдүн электр каршылыгын түздөн түз өлчөгүч прибор.

Өлчөнүүчү каршылыктардын диапазонуна жараша мегомметр, тераомметр, микроомметр болуп бөлүнөт. Иштөө принциби боюнча магнит-электрдик өлчөгүч жана логометри бар Омметрлер чыгарылат. Биринчисинин иштөө принциби булактын чыңалуусу туруктуу болгондо өлчөнүүчү каршылык аркылуу өтүүчү ток күчүн өлчөөгө негизделген. Экинчисинде токтун жана чыцалуунун катышын өлчөгүч логометрлер колдонулат.

Омметр көбүнчө айкалыштырылган прибордун — ампер вольтомметрдин бөлүгү болот. Тагыраак өлчөө үчүн көпүрөлөп өлчөө методу колдонулат. Омметрдин сезгичтигнн жана тактыгын жогорулатуу үчүн электрон күчөткүчтөрү пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.