Логометр

Википедия дан

Логометр – эки электрдик чоңдуктардын катышын, алардан пайда болгон айландыруучу моменттерин тең салмакташтыруу жолу менен өлчөөчү механизм (прибор). Логометрлердин магнит-электрдик, электр-магниттик, электр-динамикалык, индукциялык принциптерге негизделген түрлөрү бар. Логомтер электрдик чоңдуктардан башка дагы электр чынжырындагы пассивдүү параметрлерин (каршылык, сыйымдуулук, индуктивдүүлүк) жана электрдик эмес чоңдуктарды өлчөөчү приборлордун негизги бөлүгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,