Омонимдик уйкаш

Википедия дан

Омонимдик уйкашомоним сөздөрдү катыштырып, уйкаштык түзүү.

Мисалы:
Алтындуу ээр атка бап
Атка тынчы жок болсо,
Алтынын алып отко жак.
Акылдуу тууган болбосо,
Акырын айтып жатка жак.
(Калыгул Бай уулу)


Бул мисалдагы “отко жак” деген сөз айкашындагы “жак” дегендин биринчи мааниси тамызуу, күйгүзүү, тутантуу, жандыруу, күйүү процессине кабылуу маанисинде айтылса, экинчи учурда “жатка жак” деген жерде “жак” деген купулга толуу, көңүлгө төп келүү, жагымдуу таасир берүү, жакшы элес калтыруу, түзүк катарында эсептелүү маанисинде колдонулууда. Мындай уйкаш өтө сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]