Оморов, Роман

Википедия дан
Оморов Роман

Оморов Роман (2. 8. 1950-ж. т., Жумгал району, Чаек айылы) — техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1994).
1973-ж. Бишкек политехникалык институтун, 1984-ж. Ленинград так механика жана оптика институтунун аспирантурасын, 1992-ж. докторантурасын бүткөн.
1973— 75-ж. "Средазавтоматика" конструктордук долбоорлоо бюросунда инженер, 1975-жылдан Бишкек политехникалык институтунда улук инженер, автоматика жана телемеханика кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент.
1993—96-ж. Кыргыз техникалык университетинин профессору, 1993-1995 жылдары Кыргыз Республикасынын Илим жана жаны технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттинин торагасынын орун басары - Патент башкармасынын башчысы, 1996-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун директору. 2008-2014 жылдары Улуттук илимдер академиясынын (УИА)Технопаркынын директору, 2014 жылдан УИАсынын "Илим" басмасынын жетекчиси. 2011-2013 жылдары УИАсынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунда жаны тузулгон "Синергетика жана башкаруу системаларынын татаал динамикасы" лабораториясынын башчысы. 2009-2013 жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Инноватика жана инновациялык ишмердуулук" кафедрасынын башчысы жана профессору болуп эмгектенген.
Техникалык системаларды башкаруу теориясы жана практикасы, динамикалык жана синергетикалык системалардын сезбестигинин жана бифуркацияларынын теориясы, интеллектуалдык менчик теориясы жана практикасы, ошондой эле инноватика боюнча адис. 440 тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 39 монография жана окуу китептери) автору. Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги (1996), Эл аралык инженердик академиянын академиги (1997), Нью-Йорк академиясынын мүчөсү (1997), КР УИАсынын мучо-корреспонденти (2000). КР илимине эмгек синирген ишмер (2006). Сыйлыктары: КР Ардак грамотасы (1998); Интеллектуалдык менчиктин буткул дуйнолук уюмунун Алтын медалы (2003); Евразиялык патент уюмунун В.И.Блинников атындагы Алтын медалы (2006). Эмгектери: Максимальная грубость динамических систем// Автоматика и телемеханика.-1991.-№8; Робастность интервальных динамических систем // Изв.РАН.Теория и системы управления.-1995.-№№1,3; Метод топологической грубости:Теория и приложения//Изв.НАН КР:Теория.-2009.-№3;Приложения.-2010.-№3; Топологическая грубость синергетических систем//Проблемы управления и информатики.-2012.-№2; Онор жай менчиги: Жогорку окуу жайлары учун окуу китеби. -Б.2002; Введение в интеллектуальную собственность в Кыргызской Республике.-Б.: Илим,2015.-388 с.(в соавторстве); Интеллектуалдык менчик.-Б.:Илим,2015.-430 бет; Теория топологической грубости систем. - Б.: Илим, 2015. - 288 с.; Чувствительность, робастность и грубость динамических систем. -М.: ЛЕНАНД, 2021. - 304 с.; Синергетика и хаос: Топологическая грубость и бифуркации. -М.: ЛЕНАНД, 2022. - 160 с.; Synergetic Systems: Topological Roughness and Bifurcations. -Beau Bassin: LAP LAMBERT, 2022. - 203 p.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

(жеткиликсиз шилтеме) Роман Оморов президенттик жарыштан өз талапкерилигин алып салды