Оноприенко, Николай Степанович

Википедия дан

Оноприенко, Николай Степанович (25. 4. 1947-ж. т., Ош обл., Сузак району) — бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1976).

1977-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1964-ж. М. В. Фрунзе атындагы айыл чарба машпналарын куруу заводунда электр ширеткич болуп иштөөдөн баштаган.

9-беш жылдыктын план тапшырмаларын 2 жыл 8 айда аткарган. Калган 2 жыл 4 айда дагы бир 5 жылдык план тапшырмаларын орундаткан. 10-беш жылдыктын план тапшырмаларын 1978-ж. апрелде бүтүргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.