Он буттуу рак сымалдар

Википедия дан
Он буттуу рак сымалдар.
Calcinus laevimanus.

Он буттуу рак сымалдар (лат. Decapoda) — рак сымалдуулардын түркүмү.

Дөө крабдын уз. 3 .иге, Ма­дагаскар дарыя рагынын тулкусунун уз. 80 смге жетет. Алардын жүрөк сегменттери баштын жаак сегменттери менен биригип өсүп, денеси калканча менен капталган.

Көкүрөгүндөгү алдыңкы 3 жуп буттары жаак-буттарга айланып, азыгын кармоого ылайыктанган. Кийинки 5 жуп буту менен жылат. Аты ушундан улам келип чыккан.

Биринчи 3 жуп басуучу буттарынын учунда кыпчууру болот. Курсак буттары сууда сүзүү, кээ бирлеринде көбөйүү функциясын аткарат.

Айрым жыныстуу; эркеги ургаачысынан чоң жанa күчтүү. Жумурткадан личинка же кай бирлеринен кичине рак чыгат. Бул түркүмдө 8500 түр белгилүү, негизинен тузсуз сууда ж-a кургакта жашайт. Россия жана КМШ өлкөлөрүндө деңиздер түрлөргө бай. Алар өсүмдүк жанa омурткасыздар менен азыктанып, өздөрү — балыктар менен калак буттуулардын жеми.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]