Он жетинчи октябрь манифести
Он жетинчи октябрь манифести - Николай Инин 1905-ж. Октябрдагы Бүткүл россиялык саясий иш таштоо жогорулоо учурунда жарыялаган манифести.
Аны С. Ю. Витте даярдаган. Бул жеке бийликтин революциячыл күчтөрдүн ыркын кетирүү, убакытты утуу, стачканы токтотуу жана рев-яны басуу үчүн болгон амалы эле. Аны В. И. Ленин рев-я менен контр-рев-я күчтөрүдүн убактылуу теңдештигинин моменти деп эсептеген.
Манифестте элге «граждандык эркиндиктин кебелбес негиздерин», саясий күнөкөрлөрге мунапыс берүү, Мамлекеттик думага шайлоого калктын бардык катмарын тартуу жанa Мамл. думаны закон чыгаруучу орган деп эсептөө ж. б. каралган. Манифест жарыялангандан кийин буржуазия ачык контр- рев-ялык багытка өткөн. Манифест меньшевиктер менен эсерлерди да канааттандырган. Боьшевиктер Манифестти рев-янын биринчи жециши катары эсептеп, падышанын жалган убадасынын бетин ачкан жанa элди жеке бийлткке каршы куралдуу көтөрүлүшкө чакырган. Пролетариат убактылуу болсо да басма сөз, жыйналыш өткөзүү, уюм түзүү эркиндигине ээ болгон.
Өкмөт 1905-жылдагы Декабрь куралдуу көтөрүлүшүн талкалагандан кийин манифесттеги убадаларын жокко чыгарган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.