Он чөп оюну

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—10 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Узундугу 20—25 см« 10 таякча жана узундугу 1 м. келген бир таяк.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланган соң, 1 метр таяктын бир учун жерден бир аз көтөрүлүп коюлат, калган 10 кичинекей таякчаларды, чоң таяктын көтөрүлгөн жагына тизилет. Андан кийин жетекчи 7 оюнчу тандап алат, калгандары катышышпай, оюндун туура жүрүшүн байкашып турушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи калган оюнчуларга жердеги таякчаларды тийгизбей коруйт. Эгерде жетекчиси оюнчулардын бирөөсүн кармап алса, алар ролдору менен алмашышат. Эгерде оюнчулардын бирөөсү билдирбей келип, буту менен тизилген таякчаларды тээп бузуп кетсе, оюнчулар туш тарапка качышып, жетекчи кайрадан таякчаларды, чоң таяктын үстүнө тизгиче жашынып калууга аракеттенишет. Оюн жетекчиси таякчаларды кайрадан тизип бүткөндөн кийин, таякчаларды коруу менен жашынган оюнчуларды табууга аракеттенет. Жетекчи жашынган оюнчуларды издеп жатканда, алардын бирөө, кайрадан тизилген таякчаларды тээп кетсе, оюн кайрадан таякчаларды тизүүдөн башталат. Эгерде жетекчи жашынгандардын бардыгын тапса, биринчи табылган оюнчу, жетекчи менен орун алмашышкандан кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Тизилген таякчаларды буздурбай коруган жана жашынган оюнчуларды бат тапкан оюнчу жеҢүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчиге айтууга, табылган оюнчуларга кайрадан оюнга кирүүгө болбойт.

Педагогикалык мааниси. Көңүл бурулууга, коюуга, салууга, коюлган максатка ынтылууга, чындыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]