Оогамия
Көрүнүш
Оогамия (гр. оion – жумуртка, gamos – нике, үйлөнүү) – оогамдык жыныстык процесс. Ал көптөгөн балырлар жана козу карындарга мүнөздүү болуп, кыймылсыз, чоң көлөмдөгү жумурткалык клетка жана кичинекей кыймылдуу сперматозоиддердин кошулушу. Жумурткалык клеткалар атайын жыныстык орган – оогонияда, сперматозоиддер – антеридияда жайгашат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4