Ооруканадан сырткары жардам

Википедия дан

Ооруканадан сырткары жардам - медициналык жардамдын кеңири тараган түрү.

Аны поликлиника, амбулатория, диспансер, аялдар консультациясы, фельдшер-акушерлик пункт, медпункт, тез жана шашылыш жардам берүүчү станциялар көрсөтөт. Ооруканадан сырткары жардам берүүчү мекемелер ал жерге келген, жабыр тарткан оорулууларга үйдө, өндүрүштө, транспортто, коомдук жайларда (к. Медициналык тез жардам), диспансердик көзөмөлдөгү дени соо кишилерге (к. Диспансерлөө), ошондой эле врачка, фельдшерге, акушерге кеңеш сурап кайрылгандарга жардам көрсөтөт.

Бул үчүн эмгек жана турмуш шарты, эс алуусу изилденип, ага ылайык чаралар иштелип чыгат. Ооруканадан сырткары жардам көрсөтүүчү мекеменин максаты - оорулууну жана кырсыкка чалдыкканды өз убагында ооруканага жаткыруу (к. Оорукана), ошондой эле эмгекке жарамдуулукту тактоо (к. Врачтык- консультациялык комиссия, Врачтык- эмгек эксперт комиссиясы). Көпчүлүк поликлиникаларда аллергология, гематология жана башкалар кабинеттери уюштурулууда. Шаардык ири поликлиникаларда, ар түрдүү бөлүмдүү ооруканаларда консультация-диагностикалык борбор, эндоскопиялык бөлүмдөр (к. Эндоскопия), радиоизотоптук диагностика кабинеттери жана башкалар уюштурулууда.

Айылда Ооруканадан сырткары жардамды жакшыртуу максатында врачтык амбулатория тармак- тары кеңейүүдө. Алыскы малчыларга Ооруканадан сырткары жардамды көчмө медициналык атайын кабинеттер берет. Айыл калкына Ооруканадан сырткары жардамдын бардык түрүн көрсөтүү райондук, областтык поликлиникаларда жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8