Оорутпоо

Википедия дан
Оорутпоо.

Оорутпоо - хирургиялык операцияларда, травмаларда, кээ бир ооруларда, ошондой эле дарылоо жана диагнозду аныктоо үчүн болгон аракеттерде оору сезимин болтурбоо же анын алдын алуу.

Анын акыл-эстен ажыратып жалпы Оорутпоочу (наркоз) жана белгилүү жерди (жергиликтүү) Ошондой ыкмалары бар. Оорутпоонун ачылышы хирургиянын тез өнүгүшүнө түрткү берди. Илгертен эле кишилер кокустаганда, хирургиялык операция жасаганда Оорутпоого аракеттенишкен. Ал үчүн операция жасала турган дененин айрым бөлүгүн муздатышкан, оорулууларга алкоголь ичимдиктерин ичиришкен, кээде оору сезимин азайтуу максатында канды эсинен танганга чейин агызышкан.

1846-ж. наркоз ачылгандан тартып толук Оорутпоого мүмкүн болду. Мурда колдонуп келген наркоздун терс жактары болуп, кээде өмүргө коркунуч келтирген. Ошондуктан жергиликтүү Оорутпоонун ар кандай ыкмалары колдонулган. Анын өнүгүшүнө ата мекендик окумуштуулардын, айрыкча А. В. Вишневскийдин эмгеги чоң. Ал жергиликтүү Оорутпоонун эң жөнөкөй методун иштеп чыккан. Операциянын мүнөзүнө жараша жергиликтүү -Оорутпоонун ар кандай жолу колдонулат. Мисалы, көзгө, ооз жана мурун көңдөйлөрүнө майда операция жасоодо, тишти сууруганда, манжаларга жасалуучу жана башкалар операцияларда колдонулат.

Операцияда кесиле турган дене бөлүгүнүн сезимин жоготуу үчүн новокаин эритмеси ийне менен ткандардын ар кандай тереңдигине куюлуп, жергиликтүү анестезия кеңири пайдаланылат. Кийинки мезгилде практикалык жактан коркунучсуз наркоз иштелип чыгып, жергиликтүү анестезия аз пайдаланылат. Ал тез бүтүүчү операцияда же организм наркозду көтөрө албаган учурда колдонулат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8