Анестезиология

Википедия дан
Анестезиология.

Анестезиология (греч. ἀν- терс аффикс (приставка), αἴσθησις — сезгичтик и λόγος — үйрөнүү) — клиникалык медицинанын бөлүмү; хирургиялык операция убагында (Ошондой эле ага чейин жана андан кийин) ооруну басаңдатуучу жана организмдин турмуштук маанилүү функцияларын (дем алуу, кан айлануу, зат алмашуу жана башка) башкаруу маселелерин изилдейт. Ооруну басаңдатуучу каражаттар — наркоз жана жергиликтүү анестезия 19-кылымда ачылып, ал андан ары тез өркүндөдү.

Анестезиологиянын негиздери орус окумуштуулары Н. И. Пирогов, С. П. Фёдоров, А. В. Вишневский жана башкалардын эмгегинде жазылган. Азыр оорутпоонун жаңы методдору пайда болду; наркоз аппараттары жана приборлор түзүлдү; жаңы дарылар синтезделди. Булардын натыйжасында операция коркунучу кескин төмөндөп, жүрөк, өпкө жана башка тиричиликке маанилүү органдарга узакка созулган операциялар ишке ашырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8