Кан айлануу

Википедия дан
Айлануу жандандыруу

Кан айлануужүрөк-кан тамыр системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жардамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, зат алмашуудан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук (ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу Гален кан жүрөктүн оң жагы менен веналарда кочкул, сол жагында жана артерияларда — ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-ж. англиялык врач У. Гарвей айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан жүрөк жана кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүрүп турарын, Кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага кантип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турган капиллярлар экенин М. Мальпиги 1661-ж. ачкан.

Кан тамырлар аркылуу кандын жылышы жүрөктүн кагуусуна байланыштуу. Кан айлануунун чоң жана кичине тегереги бар. Чоң Кан айлануу тегереги жүрөктүн сол карынчасынан башталып, кан толтого, андан кийин артериялар аркылуу бардык органдарга таралып, алардан вена системасы аркылуу жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куюлат. Андан кичине тегерегинде кан оң карынчадан чыгып, өпкө артериясы аркылуу өпкөгө барат. Анда газ алмашуу жүрөт: көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып, кычкылтек канга өтөт. Демек өпкөдөн чыккан кычкылтекке каныккан кан артериялык деп аталып, өпкө веналары аркылуу сол дүлөйчөгө куюлат.

Түйүлдүктүн Кан айлануусу башкача, себеби анын организмине керектүү заттар эненин канынан келет. Анда зат алмашуу баланын тону аркылуу жүрөт. Аларда өпкөнүн дем алуу функциясы баштала элек болгондуктан кичине Кан айлануу тегереги иштебейт. Кан айлануунун тегеректерин түзгөн кан тамыр бөлүкчөлөрүнүн ар биринин кызматы ар башка. Жүрөктүн эки дүлөйчөсүнүн кызматы — канды чогултуп, карынчаларга өткөрүү жана карынчалардын келерки систоласында гидродинамикалык күчөткүч катары кызмат жасоо. Кан жүгүртүүчү энергия жүрөктүн кагуусунан пайда болот. Анын сол карынчасынын систоласы (жыйрылуусу) Кан айлануунун чоң тегерегинин, оң карынчасыныкы — кичине тегеректин энергиясын пайда кылат. Кан айланууга кан тамырлардын кан жүгүртүүгө каршылык көрсөтүүчү жана систоладан чыккан канды түртүүчү күчү (кинетикалык энергия) таасир этет. Каршылык күчү канчалык көп болсо, жүрөктүн кагуу энергиясы ошончолук чоң болууга тийиш, антпесе кан жүгүрбөй токтоп калат. Демейдеги кан басымынын жогорулашы (гипертония) — каршылыктын көбөйүшүнүн натыйжасы. Жүрөктүн систоласы бүтөрү менен толтодогу (өпкө артериясындагы) жапкычтар жабылып, кан кайра жүрөккө кайрылгыс абалда болот. Ушул учурда тамырлардын чоюлуусуна сарпталган потенциалдык энергия кайра канды жүгүртүүчү энергияга өтөт да, жүрөктүн систоласы кайра башталып, цикл кайталана берет. Демек кан тамырлардын чоюлгуч касиети кандын үзгүлтүксүз жүгүртүүсүн камсыз кылат. Кан менен ткандардын ортосундагы зат, газ, суу жана башка алмашуу процесстери капиллярларда жүрөт. Капиллярлар өзүнүн түзүлүшү, алардагы кандын басымы жана анын жүгүрүү ылдамдыгы жагынан да зат алмашууга ылайыкталган. Капиллярлардын башталышында жана бүткөн жеринде сфинктерлер (тоскуч) бар, алардын негизги кызматы — капиллярларды кан айлануу системасына кезектештирип кошуп туруу. Эгерде денедеги бардык капиллярлар бир мезгилде ачылган болсо, кан ошол гана капиллярларда болуп, башка кан тамырлары такыр бош калат. Капиллярлардан керектүү заттар менен кычкылтек ткань суюктугуна, андан клеткага өтөт, клеткалар болсо көмүртек кычкылы менен зат алмашуудан чыккан продуктуларды ткань суюктугуна берет. Кычкылтеги аз, көмүртек кычкылы көп кан эң майда веналарга чогулуп, андан чоңураактарына топтолот. Веналардын функциясы жүрөккө канды кайра жеткирүү, ошондой эле алар ичкерип же кеңейип кандын минуталык көлөмүн, анын айлануу массасын тейлейт. Кан айлануунун көрсөткүчтөрүнө кан басымы, анын минуталык көлөмү, кандын жүгүрүү ылдамдыгы, айлануу массасы, пульс жана башка кирет.

Жүрөктүн иштешин, Кан айлануунун кээ бир көрсөткүчтөрүн, организмдин абалын адамдын тамырын кармоо (пульс менен аныктоого болот. Адамдын организминдеги кандын жалпы көлөмү анын салмагынын 7%ин гана түзөч (мисалы, адамдын салмагы 60 кг болсо, анын каны 4,2 л). Бирок, болжол менен алганда ушунча кандын жарымы Кан айланууга катышып, калганы деподо запас катары сакталып турат. Адамдын иштеген жумушуна жараша кандын айланган көлөмү өзгөрөт. Демек ченемдүү убакытта кан тамырларда кандын белгилүү гана өлчөмү жүгүрөт да, ал кандын көлөмдүү ылдамдыгы деп аталат. Практикада кандын минуталык көлөмү деп аталган ченем колдонулат;

1 минутада жүрөктүн сол карынчасынан толтого чыккан кандын көлөмү орто эсеп менен чоң кишиде 5 лге жакын. Дагы бир ченем — жүрөктүн систолалык көлөмү, бир систола учурунда жүрөктөн чыккан кандын өлчөмү орто эсеп менен 70 млге жакын. Эгерде жүрөктүн бир минутадагы соккон санына систолалык көлөмдү көбөйтсө, минуталык көлөм чыгат. Айтылган көлөмдөр жүрөктүн иштешине жараша дайыма өзгөрүп турат. Кандын минуталык көлөмү Кан айлануунун чоң жана кичине тегерегинде бирдей эле өлчөмдө болот, башкача айтканда. чоң кан айлануу тегереги менен бир минутада 5 л кан өтсө, ушул эле убакытта ошол эле кан кичине тегерек аркылуу өтөт. Жайчылык учурда минуталык көлөм 5 л болсо жумуш аткарууда (мисалы, чуркоодо) минуталык көлөм 20 лге чейин жетет, демек 4 — 5 эсе көбөйөт. Ал эми жүрөк жапкычтары жакшы иштебесе, минуталык көлөм ылдыйлап, жүрөк кемтигине алып келет. Кан айланууну нерв системасы жөнгө салып турат. Борбордук нерв системасына толто, ири кан тамырлардагы нерв учтарынан (рецепторлордон) Кан айлануунун абалы, кан басымы, кычкылтектин, көмүр кычкыл газынын жана суутек ионунун концентрациясы жөнүндөгү сигнал; ички органдардан канга муктаждык жөнүндө кабар түшөт. Нерв импульстарынын таасиринен кан тамырлар өзүнүн диаметрин, жүрөк өзүнүн жыйрылуу күчүн, ылдамдыгын өзгөртөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.