Пульс

Википедия дан
Пульсту текшерүү

Пульс (латын тилинен pulsus — уруу, кагылыш) — жүрөктүн жыйрылуусунун натыйжасында кан тамырларга кан түртүлүп чыкканда пайда болгон кан тамырлардын капталынын термелүүсү.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пульстун артериялык, веналык жана капиллярдык түрлөрү белгилүү. Оорулууну изилдөөдө артериялык пульстун мааниси чоң. Анын жардамы менен жүрөктүн гана эмес, башка органдар жана системалардын ооруларын аныктоого болот. Артериялык пульсту билек артериясын кармап изилдейт. Дени соо чоң кишилердин пульсунун ылдамдыгы 1 минутада 60—80ге барабар. Балдардыкы чоңдорго караганда, аялдардын пульсу эркектердикине караганда ылдамыраак кагат.

Аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөктүн кагуу ылдамдыгы 1 минутада 90дон ашса — тахикардия; 60тан төмөн болсо брадикардия деп аталат. Нормада тахикардия кара жумуш иштегенде, түрдүү эмоцияларда болот. Патологиялык тахикардия жүрөк ооруларында, эт ысыганда, кээ бир ууланууда жана башкалар байкалат. Жай соккон пульс машыккан спортсмендерде кезигет. Нормадагы пульс ыргактуу болуп, кан жүгүрүү толкундарынын таралышы бирдей убакыттан кийин кайталанып турат. Пульс толкундарынын убакыт аралыгы тең болбосо аритмияга алып келет. (Жүрөк-кан тамыр системасы, оорулары). Пульстун толуктугу систола учурунда жүрөктөн келген кандын көлөмүнө, денедеги кандын жалпы көлөмүнө жана анын органдарга бөлүштүрүлүшүнө жараша болот.

Веналык пульс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Веналык пульс — жүрөккө жакын жайгашкан кан тамырлардын капталдарынын термелүүсү. Капиллярдык пульсту дени сак адамдарда тырмактын учун бир аз кыса басканда анын бир агарып, бир кызарышынан баамдайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8