Оперетта

Википедия дан
Ж. Оффенбах.

Оперетта (итал. operetta, сөзмө-сөз – кичинекей опера) – музыкалык-театр жанры, вокалдык жана аспаптык музыкалык номерлер, ошондой эле бий, оозеки диалогдор менен кезектешип туруучу, көбүнчө күлкүлүү мүнөздөгү оюн. Оперетта 19-кылымдын ортосунда Парижде пайда болгон. Алгачкы үлгүлөрүнө сатиралык багыт, заманбап көрүнүштөр мүнөздүү болсо, кийин лирикалык жана жанрдык башталыш чоң мааниге ээ болгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Вена опереттасы алдынкы орунду ээлеген. Башка өлкөлөрдө да оперетта мектеби калыптана баштаган. Батыш европ. Оперетталардын көпчүлүгү жеңил-желпи көңүл ачуу, вульгаризмден, ошондой эле драматургиялык штамптан арыла алган эмес. Советтик оперетта улуттук комедиялык операнын элдик жана массалык ыр жанрынын негизинде өнүккөн. Белгилүү оперетталар: Ж. Оффенбах, «Татынакай Елена» (1864) жана «Перикола» (1868), ШААРЫ Лекоктун «Анго айымдын кызы» (1872), Ф. Зуппе, «Донна Жуанита» (1880), И. Штраус (уулу) «Жарганат»(1874) жана «Цыган барону» (1885), Ф. Легар «Шайыр жесир» (1905), И. Кальман, «Сильва» (1915), Н. М. Стрельников, «Күң» (1929), Б. А. Александров, «Малиновкадагы тою» (1937), И. О. Дунаевский «Эркин шамал» (1947) жана «Ак акация» (1955), Г. С. Милютин, «Трембита» (1949), Д. Д. Шостакович, «Москва, Черёмушка» (1959); Т. Н. Хренников, «Жүз шайтан жана бир кыз» (1963); О. Б. Фельцман, «Гитара ойнолсун» (1975). Кыргызстанда Н. Давлесовдун «Аста-секин колукту» чыгармасы оперетта деп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]