Оппортунизм
Оппортунизм (лат. opportunus — ыңгайлуу, пайдалуу) жумушчу кыймылында — теория жана практикада жумушчу табынын кызыкчылыгына сыйбаган, жумушчу кыймылын буржуазияиын пайдасына түртүүчү агым.
Оппортунизм жумушчу кыймылын анын тан душмандарына ачык же тымызын келишүү жолу менен багындырат. Оппортунизм 19-кылымдын 2-жарымында жумушчу табынын революциячыл кыймылынын өсүшү менен бирге пайда болгон. Анын алгачкы идеялык базасы — марксизмге чейинки социализмдин ар кандай формасы, ал эми тактикасы болсо либералдык реформисттер, о. эле анархпеттик ар түрдүү топтордон алынган. 1—2-Интернационалдын тушунда эле К. Маркс менен Ф. Энгельс Оппортунизмдин ар кандай чыгууларына карты элдешпес күрөш жүргүзгөн. Жумушчу кыймылында марксизмдин жецишинен кийин Оппортунизм ачык эмес, марксчыл фразаларга жамынып чыга баштаган.
Рев-ячыл жумушчу кыймылынын ичинде өзүнүн таптык жаратылышы боюнча Оппортунизм — майда бурж. идеология менен саясаттын көрүнүшү; теориялык жактан ревизионизм, догматизм катары да өзүн көрсөткөн; уюмдаштыруу жагынан ликвидатор болуп көрүнөт; эл ара лык коммунисттик жана жумушчу кыймылда өзүнүн таасиринин багыты боюнча ал оңчул же «солчул» Оппортунизм болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.