Оптикалык иллюзия

Википедия дан

Оптикалык иллюзия – байкалуучу объектилердин реалдуу касиеттерине адамдын байкоодогу кабыл алууларынын кескин туура келбөөсү. Оптикалык иллюзия байыркы заманда эле белгилүү болгон жана Байыркы Грецияда курулуш ишинде пайдаланылган. Оптикалык иллюзия кадимки көрүү аппаратына таандык (ошонусу менен галлюцинациядан айырмаланат) жана бир канча жолу байкоодо дагы жоюлбайт. Оптикалык иллюзия пайда болушу оптикалык прибор катары өркүндөтүлбөгөндүктөн, ал адамдын кабылдоо органы менен кошо көрүү аппаратына байланышкан.

Алардын пайда болушу байкоонун түрдүү этаптарындагы кабыл алынган маалыматтар менен байланышкан. Биринчи этапта фондон сигнал жана аны менен байланышкан кабылдоолор бөлүнүп алынат. Муну менен маскировкадагы боёктор түшүндүрүлөт. Жаратылыштагы түстүү маскировка (мимикрия) айбанаттарда болот. Экинчи этапта туташ фондон фигураларды ажыратууда же алардын параметрлерин баалоодо каталар кетирилет. Нерселер кыймылда болгондо да Оптикалык иллюзия пайда болот. Көрүнгөн буюмдун сүрөтүн 0,1 секундга чейин сактоо касиети стробоскоп эффектиси менен байланышкан. Кинематограф жана телекөрүү ушул кубулушка негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,