Оптикалык нурланууну кабылдагычтар

Википедия дан

Оптикалык нурланууну кабылдагычтар – келип түшкөн оптикалык нурлардын агымынын таасирине жараша абалы өзгөрүп, ошол нурланууну аныктоочу кабыл алгыч түзүлүштөр.

Булар, таасир эткен оптикалык нурлануунун энергиясын жылуулук, электр, механикалык ж. б. энергияларга айландырат. Бул кабылдагычтар жарык талаасынын чыңалыштарынын квадраттарынын орточо маанисине көзкаранды болгон жарыктын интенсивдүүлүгүн сезет. Оптикалык нурланууну кабылдагычтардын негизги параметрлери: босоголук сезгичтиги, жумушчу жыштыктар тилкесинин бирдигине туура келүүчү минималдык нурлануу агымы; өзгөртүү коэффициенти – күчөтүлгөн сигналдын кабыл алынган сигналга болгон катышы; убакыт турактуусу – кабылдагычтын чыгышындагы сигналдын кандайдыр бир чоңдукка жетиши үчүн керектелүүчү убакыт; спектрдик мүнөздөмөсү – кабылдагычтын сезгичтигинин нурлануу толкун узундугуна болгон көзкарандылыгы.

Оптикалык нурлануунун энергиясы жутулганда нерсенин температурасы жогорулайт. Ал өз кезегинде нерсенин башка параметрлерин өзгөртөт. Мис., газдын басымы көбөйөт, нерсенин электр өткөрүмдүүлүгү, диэлектриктин поляризациясы өзгөрөт. Ушул принципке негизделген Оптикалык нурланууну кабылдагычтар жылуулук түзүлүштөр боло алат. Булардын кеңири тарагандары металл жана жарым өткөргүчтүү болометрлер, термоэлементтер, молекулалык радиометрлер, пироэлектрдик кабылдагычтар. Болометрлерде жутулган энергиянын натыйжасында термо ЭЭК пайда болот. Пироэлектрдик Оптикалык нурланууну кабылдагычтар сегнетоэлектриктерден жасалат. Жарыктын таасиринен алардын беттеринде статикалык электр заряддары пайда болот. Дилатометрдик Оптикалык нурланууну кабылдагычтар катуу заттардын ысытуудан кеңейүү кубулушуна негизделген. Жылуулук Оптикалык нурланууну кабылдагычтар селективдүү эмес жана электр-магниттик энергияны 0,2–50 мкм болгон диапазондо өлчөөдө колдонулат. Жакшы Оптикалык нурланууну кабылдагычтар сезүү босогосу 10-11–10-10 Вт/Гц1/2, убакыт турактуусу 20-3–10-1сек. Фотоэлектрдик Оптикалык нурланууну кабылдагычтар электр-магниттик энергияны түз эле электр энергиясына айландырат. Алар: фотоэлементтер, фотоэлектрондук күчөткүчтөр, фоторезисторлор, фотокатоддор, электрон-оптикалык өзгөр-түп түзгүчтөр, квант күчөткүчтөрү. Фотоэлектрдик Оптикалык нурланууну кабылдагычтар сезгичтиги жана өлчөө диапазондору жылуулук Оптикалык нурланууну кабылдагычтарга караганда кыйла айырмаланат. Мис., фотондорду эсеп-тегичтердин сезгичтиги 10-17 Вт/Гц1/2. Оптикалык нурланууну кабылдагычтарка тирүү жаныбарлардын көздөрү кирет. Оптикалык нурланууну кабылдагычтар спектроскопияда, квант электроникасында, астрономияда, автоматтык башкаруу системаларында ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]