Орангутан

Википедия дан
Орангутан.

Орангутан (лат. Pongo) – киши сымал маймылдар уруусу. Бир түрү (кадимки орангутан) бар. Эркегинин бийиктиги 1,5 м, салмагы 200 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Арткы буту кыска, алдынкысы өтө узун. Булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Денеси кызыл күрөң түстөгү сейрек жүн менен капталган. Ийин курчоосунда узундугу 40 смге чейин жеткен жүнү, башында калың чачы, сакал, муруту бар. Бети жазы, көздөрү бири бирине жакын жайгашкан, мурду, кулагы кичине. Суматра жана Калимантан аралдарынын саздуу тропик токойлорундагы бакта жалгыздан жашайт. Мөмө, куштардын балапаны, жумурткасы менен азыктанат. Ургаачысы балдары менен кошо эркегинен бөлөк жүрөт. Жаңы туулган баласынын салмагы 1,5–2 кг болуп, 3–4 жашка чейин энеси эмизет. 30 жашка чейин жашайт. Саны азайып кеткен. ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]