Органогендүү тоо тектер

Википедия дан

Органогендүү тоо тектер, биогендүү тоотектер – жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыгынан же алардын тиричилик процессине байланыштуу пайда болгон чөкмө тоо тектер. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн организми ткандарды же скелеттерди түзүүчү минерал бирикмелерин топтоого жөндөмдүү. Бул бирикмелер алардын калдыктарында сакталып, Органогендүү тоо тектерди пайда кылат. Ал заттык курамы боюнча аки таштуу, кремнийлүү, фосфаттуу, көмүрлүү, нефтилүү болуп бөлүнөт. Аки таштуу органогендүү тоо тектерди фораминифералардын үлүл кабыктары, шуру (коралл), балык курту (мшанка), брахиопод сыяктуу жаныбарлардын калдыктары түзөт. Кремнийлүү органогендүү тоо тектердин курамын организминде кремний көп кездешкен балырлар, былпылдактар (губкалар) жана радиоляриялардын калдыгы жаратат. Фосфориттүү органогендүү тоо тектерин омурткалуу жаныбарлар, силур мезгилинин брахиоподу пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]