Ордолуу шайык, көк жөкөр («Манас» эпосу)

Википедия дан

Ордолуу шайык, көк жөкөр («Манас» эпосу) эпосто негизинен Кокон жана Маргалаң шаарларына карата колдонулат. Эпосто: «Ордо шаар, көк жөкөр», «Ордолуу шайык, көкө жөкөр» деп да айтылат. «Ордолуу шайык, көк жөкөр, Орчун Кокон, Маргалаң» (Саякбай Каралаев , 1. 197). «Бу Алты-Шаар, Маргалаң, Аяк жагы Кокон кан, Ордолуу шайык, көк жөкөр» (Саякбай Каралаев, 1. 31). Мусулман элдеринде Ордону (өлкөнү) шайыктар башкарган. Кокон кандыгында да шайыктар бийлик жүргүзгөн. Бул кандыктын ордодо кызмат кылган аскерлери (нөкөр-жөкөр) бир түрдө көк түстөгү кийим кийишкен. Ошондуктан, бул татаал туюнтма: шайыктар башкарган Ордонун көк кийимчен аскери (нөкөр), ошол ордонун эң башкысы, орчуну Кокон, Маргалаң болуп эсептелет деген түшүнүктү берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4