Ормонова, Гүлбара

Википедия дан

Ормонова Гулбара - (1920-жылы туулган, Алай району, Шарт кыштагы) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1940-жылы «З-Интернационал» колхозунда иштөөдөн баштаган. 1955-жылдан колхоздун баш чабаны, 1958-жылдан Алай районунда «Алай» союзунда баш чабан,' 1977-жылдан «Сары-Могол» союзунда чабан. 1965-жылы ар бир ириктен орточо 5,2 к.г дан жүн кыркып, тирүүлөй салмагын 70 кг га жеткирген. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. 1967—75-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]