Орозалиев Бекпо

Википедия дан

ОРОЗАЛИЕВ БЕКПО

(1923–1987)

Котормочу жана жазуучу Бекпо Орозалиев 1923-жылы Пржевальск районундагы Зындан айылында туулган.
1937-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумунда окуган. 1941-1942-жж. техникумдун алдындагы жети жылдык мектепте мугалим болуп иштеп, 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат.
Б.Орозалиев Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу. Адегенде ротанын старшинасы, андан соң ротанын командиринин саясий жактан орунбасары катары Дон жана Сталинград фронтторунун аскерлеринин курамында Сталинград алдындагы, Курскидеги салгылашууларга катышкан.
1943–1945-жж. Харьковдун авиациялык окуу жайында угуучу болот. 1946-жылдын башында жогорку офицердик авиациялык мектепке угуучулардын командири болуп которулуп, 1946-жылы июль айында аскерден демобилизацияланат.
1946–1948-жж. Түп районундагы Күрмөнтү орто мектебинде мугалим, комсомолдун Пржевальск шаардык комитетинин биринчи катчысы, 1949-жылы «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында бөлүм башчы, 1952-1955-жж. «Жаш ленинчи» журналында жооптуу катчы, 1955-1958-жж. партиялык мектепте окуп, 1958-1961-жж. республиканын радио комитетинде улук редактор, башкы редактор, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча Мамлекеттик комитетинде бөлүм башчы болуп иштейт. Б.Орозалиев адабият майданына элүүнчү жылдардын ортосунда келген. «Жолугушуу» деген алгачкы китеби 1956-жылы жарык көргөн. Л.Кассиль менен М.Полянскийдин, поляк жазуучусу А.Багдайдын, индиялык жазуучу К.Чандрдын, М.Колесниковдун ж.б. чыгармаларын которгон.
1959-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Б.Орозалиев «Кызыл Туу» ордени, «Сталинградды коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңип чыккандыгы үчүн», «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Каарман эмгеги үчүн», «19411945-жылдардагы Улуу Атамекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына XX жыл», «СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «1941–1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жолугушуу. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас. – 1956.  70 б.

Намыс. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960.  20 б.

Капар, Жапар жана өчүргүч.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962.  20 б.

КОТОРМОЛОРУ

Иманжаков М. Бала менен аңгемелешүү.  Ф.: Кыргызмамбас, 1953.  55 б.

Кассиль Л., Полянский М. Кенже уулдун көчөсү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955.  574 б.

Нечволодова Н., Резниченко Л. Лениндин өспүрүм кези.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958.  262 б.

Нечволодова Н., Резниченко Лениндин өспүрүм кези.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960.  194 б.

Суреев П. Серебрянканын жээгинде.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964.  120 б.

Антонов С. Чечүүчү мезгил.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964.  194 б.

Багдай А. Биринчи таймда 0:1.  Ф.: Мектеп, 1965.  227 б.

Воскресенская 3. Эненин жүрөгү.  Ф.: Мектеп, 1967.  258 б.

Продев С. Даанышман жазы.  Ф.: Кыргызстан, 1968.  340 б.

Воскресенская 3.Таң алдында.  Ф.: Мектеп, 1969.  189 б.

Кришан Чандр. Жеңилүү.  Ф.: Кыргызстан, 1970.  132 б.

Колесников М. Шамалдын баары бетке урат.  Ф.: Мектеп, 1971.  330 б.

Колесников М. Бороонду бет алып.  Ф.: Мектеп, 1973.  387 б.

Эдил ыргактары.  Ф.: Кыргызстан, 1973. (Коллектив).