Курск

Википедия дан

КурскРоссиядагы шаар. Курск облусунун администрациялык борбору. Сейм дарыясынынын боюнда жайгашкан. Калкы 410,8 миң (2009). темир жол тоому. Аэропорту бар. Курск аркылуу «Крым» федерация автотрассасы өтөт. Болжол менен 9-кылымда пайда болгон. Шаарга 2006-жылы «Жоокер даңкы шаары» наамы берилген. Эркектер кечилканасы (1613), чиркөөлөр, 17—19-кылымдын архитектуралык эстеликтери (анын ичинде князь Ромодановскийдин палатасы), Троица собору, шаардын четинде үй-чарбактар ж. б. көптөгөн архитектура эстеликтери сакталган. Улуу Ата Мекендик согушта немис баскынчылары басып алган (1941—43) Курск салгылашынын (1943) жүрүшүндө шаар катуу талкаланууга учураган. Согуштан кийин калыбына келтирилген. Бир нече эстеликтер (анын ичинде «Курск» кемесинин экипажына, 2003) жана мемориалдык эстеликтер тургузулган. Машина куруу [ишканалары: «Маяк» (дозиметр, радиацияны көзөмөлдөөчү приборлор), «Прибор» (авиация приборлору, радиоэлектроника жабдуулары ж. б.), аккумулятор, электр-аппаратура ж. б.], химиялык (химиялык була, резина-техникалык буюмдар), химиялык-фармацевтика («Фар-мстандарт»; негизинен парацетамол чыгарат), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, ИИИлер, институттар, театрлар, филармония, музейлер (анын ичинде край таануу, Курск салгылашынын аскер-тарыхы; 1963), сүрөт галереясы бар. Жыл сайын бүткүл Россиялык ыр, романс, искусство фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]