Орозалиев Марат Жумакадыр уулу

Википедия дан

Орозалиев Марат Жумакадыр уулу Жыгаччы. 1958-ж. Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында төрөлгөн.

Окуучулук курагында жыгаччылык менен зергерчиликке үңүлөт. Чеберчиликке чоң атасы Ысмайыл уста таасир этет. Мараттын ээр чабууда өзүнө таандык тактыктары, ыкмасы көрүнүп турат. Чабылуучу ээрдин узундугун 54 см кыят. Бир тарабын түз чабат. Аны чалкасынан салып туруп, арткы актасын 36 см, алдын 32 см кылып, ошол сызык боюнча эки капталын түптүз алат. Ошондо каштын башы менен алдыңкы актасынын учуна чейин 28 см болот. Ээрди чалкасынан салып, чарасынын учунан 6 см таарып салса, аркы актанын башы чыгат. Каштын башы 6 см келсе, алдыңкы актанын башы көрүнөт. Мында актанын узундугу 42 смди түзөт. Алдыңкы актанын туурасы (көмөлдүрүк бекитилүүчү жери) дагы 6 см болот. Арткы акта менен чаранын түбүнө чейин 19 смге барабар. Демек, мунун борбору 18 см, туурасы 36 см, кашынын туурасы 8 смдей болот. Марат көбүнчө орточо ээрдин үлгүсүн алат. Орточо ээрдин калыңдыгы 1,5 см болот. Чаап бүтөөрү менен актасына дароо рейка урат. Ал тайтайып да, куушурултуп да жибербейт, көлөкөдө тап менен кургайт. Марат уйдун терисин бир жума чылгый коюп, ошону менен ээр каптайт. Ал зергер катары түстүү металлдарды сомдоп, кыз-келиндердин зер жасалгаларын да жасайт.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Ээри үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1989-ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин «Асем көргөзмөсү». Көркөм үлгүсү үчүн «Кыял» Бирикмесинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0