Орозбеков, Сулайман

Википедия дан

ОРОЗБЕКОВ Сулайман (туулган жылы белгисиз –1920) – Түндүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшүүчү. Нарында Совет бийлиги орногондон (1918, 8-апрель) кийин уезддик атайын комиссиянын төрагалыгына дайындалган. Ушул кызматта турганда падыша өкмөтүнүн колониячыл саясатынын калдыктарын жоюда, эзүүчү таптардын Совет бийлигине каршы аракетинин бетин ачууда жана басууда чоң эмгек сиңирген. Орозбеков Сулайман Нарын козголоңу (1920, ноябрь) учурунда тап душмандарынын колунан курман болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.