Орозбек Алымжанов

Википедия дан

Алымжанов Орозбек (29. 6. 1948-ж. туулган, Нарын облусу, Кочкор (Теңдик) кыштагы) - жол курулуш тармагында жетекчи кызматкер.

  • Кесиби инженер-куруучу.
  • Токмок шаарындагы № 4 кесипчилик-техникалык окуу жайын (1965), Фрунзе политехника институтунун Автомобиль жолдор факультетин (1982) жана Москвадагы мамлекеттик юридикалык академияны (1995) бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1965-ж. Кемин районундагы XXII партсъезд атындагы колхоздо механизатор болуп баштаган.
  • 197072-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
  • Андан келгенден кийин Кочкор кыштагындагы ДСУда мастер, прораб, улук прораб (1979-83), Жумгал районундагы ДЭУ 24тө (1983-92), андан соң Суусамырдагы № 27 ДЭУда начальник (1992-95), Автомобиль жолдор министрлигинде жетектөөчү адис (1995-96), Бишкек - Ош жолунун башкы дирекциясында бөлүм башчы, ДЭУ 9да жана №1 өндүрүштүк жол башкармалыгында начальник болуп эмгектенген.
  • Бишкекте Автомобиль жолдор жана коммуникация министрлигинин алдындагы автомобиль жолдор боюнча башкы башкармалыктын начальниги, 2005-жылдан Бишкек - Нарын - Торугарт автомобиль жол башкармалыгындагы ДЭП 34тө (кеңсеси Токмок шаарында) начальник болуп иштеп келе жатат.
  • Чүй облусутук мамлекеттик администрациясынын «Эмгегин өзгөчө баалоо» ардак белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9