Мазмунга өтүү

Орозов Жакыпбек

Википедия дан

Орозов Жакыпбек (1928, Суусамыр өрөөнү -1989, ошол эле жер) - эмгек ардагери.

  • 1943-ж. 7-классты, кийинчерээк 10-классты Суусамыр орто мектебинен сырттан окуп бүтүргөн.
  • Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында «Тунук» колхозунда эсепчи, кийин малчы болгон.
  • 1956-жылдан Калинин районундагы «Победа» колхозунун Суусамырдагы «Тунук» участкасында алгач колхозчу, кийин участка башчысы, 1963-65-жылдары Суусамыр айылдык кеңешине төрага болуп иштеген.
  • Ал көптөгөн ардак грамоталар жана В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган.
  • Бир нече жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.
  • Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9