Орозон

Википедия дан

Орозон«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. . Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын жакын туугандарынын бири. Каракан өлүп Алооке кыргыздарды чаап алганда колго түшүп кетип, ошол боюнча дили, дини калмак болуп калган жана кийин Манастын көзүн тазаламакка келишкен Көзкамандардын бири — О. Манасты ууландырып өлдү деп ойлоп, качып баратышканда аркасынан кууп жеткен Бакай баштаган Манастын кырк чоросунун колунан өлөт (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 189, 210.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4