Ороккыр

Википедия дан

Ороккыр«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Кытайлардын солон, шибээ элинин каны жана кол башчы баатыры. Буруттан (кыргызда) Манас деген баатыр чыгып, сени жеңет деген сыйкырчыларынын сөзү менен Эсенкан Манас аттуу баланы таап келүүгө көп балбан-баатырларын жөнөтөт. Алар көп жерди кыдырып чыгып, акыры Самаркандан Чоң Эшендин уулу Жарманасты байлап кеткендердин ичинде О. да болот (Саякбай Каралаев, 1. 41). Көкөтөйдүн ашында О. өз аскерлерин баштап келет (Саякбай Каралаев, 2. 26). Чоң казатта О-ды Манас сайып өлтүрөт (Саякбай Каралаев, «Семетей» , 1. 185).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4