Орсон Скотт Кард

Википедия дан
Орсон Скотт Кард (2007).

Орсон Скотт Кард (англ. Orson Scott Card; 1951-жылы 24-августта туулган) — америкалык жазуучу, сынчы, оратор, эссеист жана баяндамачы. Ал бир нече жанрларда жазганы менен илимий фантастикалык чыгармалары менен белгилүү. "Эндердин оюну" (англ. Ender's Game, 1985) аттуу романы, анын уландысы "Көзү өткөндөрдүн үнү" (англ. Speaker for the Dead, 1986) чыгармасы "Хүго" жана "Небула" сыйлыктарын утуп алып, Карддын эки жыл удаа илимий фантастикалык чыгарма менен АКШнын мыкты сыйлыктарына татыган жазуучу болушуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Кард өзү продюсерлеш болгон "Эндердин оюну" тасмасы 2013-жылдын октябрь айынын аяк ченинде Европадагы, ал эми ошол эле жылдын 1-ноябрында Түндүк Америкадагы көрүүчүлөргө сунушталган.

Кард Түштүк Виржиния университетинде англис тилден сабак берет жана чыгармачыл жазуу боюнча эки китеп жазган. Ал кыска трениңдерди жана практикалык семинарларды уюштуруп, "Келечектеги жазуучулар" сынагында калыстык кылат. Бригам Яңдын кыбырасы болгон Кард Азыркы күндөгү ыйыктар Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн мүчөсү болуп саналат. Көлөмдүү көркөм чыгармаларды жазгандан тышкары Кард баяндама жана башка жазмаларында саясий, диний жана коомдук ой-пикирлерин айтып турат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]