Эндердин оюну

Википедия дан

"Эндердин оюну" (англ. Ender's Game) — америкалык жазуучу Орсон Скотт Карддын 1985-жылы жарык көргөн аскердик илимий фантастикалык романы. Келечектеги Жерде болгон окуяны чагылдырган роман курт-кумурска түркүмүндөгү башка планеталык "баггерлер" менен болгон эки жаңжалдан киийн жоголууга дуушар болгон адамзаттын жашоосу тууралуу сөз кылат. Күтүлүп жаткан үчүнчү баскынчылыкка даярдык көрүп олтурган жаш балдар жана романдын баш каарманы Эндер Уиггин да кичине кезинен эле өтө оор оюндар аркылуу машыгуудан өтүшүп, жердин эч кандай тартылуусу болбогон жерде Эндер өзүнүн тактикалык өзгөчөлүгүн ачып чыгат.

Китеп Analog Science Fiction and Fact журналынын 1977-жылдын август айындагы санында басылып чыгарылган "Эндердин оюну" аңгемесинен келип чыккан. Романдагы каармандарды жана негизги окуяларды карап жатып Кард кийинчерээк "Эндердин оюну" сериясын түзүш үчүн кошумча китептерди жазып чыккан. Кард "Эндердин оюнунун" жаңыртылган версиясын 1991-жылы чыгарып, анда заман шарттарын чагылдырыш үчүн кээ бир саясий факттарды өзгөрткөн. Мисалы, Советтер союзунун урашын жана Кансыз согуштун аяктаганын кошкон.

Китеп жалпысынан жылуу кабыл алынган. Ошондой эле китеп көптөгөн аскердик уюмдарга, анын ичинде АКШнын Деңиз аскерлерине да окууга сунушталган. "Эндердин оюну" 1985-жылы "Небуланын" жана 1986-жылы "Хүгонун" "Эң мыкты роман" сыйлыктарын утуп алган. Анын уландылары болгон "Маркумдардын үнү", "Ксеносид", "Акыл-эстин балдары" жана "Бозгундагы Эндер" чыгармалары Эндердин галактикадагы башка планеталарга саякаттап барганы тууралуу сүрөттөйт. Мындан тышкары, кийинчерээк жарык көргөн "Белектердин согушу" аңгемесиндеги жана "Эндердин көлөкөсү" романындагы окуялар да түп нускадагы убакыт түрмөгүндө болуп өтөт.

Гэвин Худ китептин негизинде окшош аталыштагы тасманын сценарийин жазып, өзү режиссерлук кылган. Эндердин ролун Эйса Баттерфилд аткарып, тасма көрүүчүлөргө 2013-жылдын октябрында сунушталган. Кард болсо тасмага продюсерлик кылгандардын бири болгон. Ошондой эле, китеп эки комикс сериясына ылайыкташтырылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]