Ортонку Арал, Ноокен району

Википедия дан

Ортонку Арал, Ноокен району, Интернационал – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Арал айыл аймагынын борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кышнан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 60 км. Калкы 2649 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, бала бакча, амбулатория, Маданият үйү, байланыш бөлүмү, стадион, мечит бар. Пахтаны кайра иштетүүчү «Юнисел Коттон Рефинери» заводу (1999-жылдан), сүт иштетүүчү чакан ишкана, май сыгуучу цех, 2 тегирмен, 2 ак жуаз, турмуш-тиричилик жактан тейлөө кызматы, базарчалар, соода жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]