Ортоташ мөңгүсү
Көрүнүш
Ортоташ мөңгүсү — Борбору Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Чоң Үзөңгүкууштун башталышында жайгашкан. Уз. 13,3 км, жалпы аянты 23,0 км2. Башы деңиз деңгели 5200 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4570 м, абляция облусунун аянты 5,5 км2. Мөңгүдөн Котурсуусунун (Чоң Үзөңгүкууштун алабы) биркурамы башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- [1] Archived 2016-03-08 at the Wayback Machine