Орто-Таш мөңгүсү

Википедия дан

Орто-Таш мөңгүсү, Мушкетов мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу төр тибиндеги ири мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталында, Чоң Үзөңгү-Кууштун башталышында жайгашкан. Узундугу 13,3 км, жалпы аянты 23,0 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5200 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4570 м, абляциясынын аянты 5,5 км2. Мөңгүдөн Котур суусунун (Чоң Үзөңгү-Кууштун алабы) бир курамы башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]