Орус жергиликтүү мектептери

Википедия дан

ОРУС-ЖЕРГИЛИКТҮҮ МЕКТЕПТЕРИ – Октябрь революциясына чейин Орто Азия менен Түштүк Казакстанда орусча билим берүүчү мектептер. Падыша өкмөтүнүн Түркстан аймагындагы өкмөт башчылары жергиликтүү калкты окутуу жана мусулман дининин таасирин басаңдатуу үчүн ачкан. Окуу орус тилинде жүргөн. Бул мектептер негизинен колонизатордук максатты көздөгөнү менен жергиликтүү калкты орус тили жана маданияты менен азыноолак тааныштырган. Кыргызстандагы алгачкы Орус-жергиликтүү мектептери 1884-жылы Токмок шаарына жакын Каракоңуз кыштагында, 1887-жылы Ошто, 1894-жылы Каракол уездинде ачылган. 1903-жылы Токмоктогу орус-тузем мектебинде 120га жакын кыргыз, өзбек, татар, орус балдары билим алган. Октябрь революциясына чейин Кыргызстанда 16 мектеп иштеп, 750дөй адам (анын ичинде 670ы жергиликтүү калктын балдары, алардын 56сы кыздар) таалим алган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.