Освальд Шпенглер

Википедия дан
Шпенглер Освальд

Шпенглер Освальд (1880–1936) – немец маданият философиясынын өкүлү. Өзүнүн «Der Untergang des Abendlandes. Umris einer Morpnologie der Weil geschichte» 1918 «Себептүүлүк жана тагдыр».

Европанын күүгүмү» деп аталган негизги чыгармасы менен белгилүү болгон. Аны Шпенглер дүйнөлүк тарыхты түзгөн маданияттарды болжолдуу түрдө миң жылдык өмүр менен аныкталып чектелген организмдер катары караган. Ал батыш маданиятын жок болуп кеткен грек маданиятына салыштыруу аркылуу анын келечегин аныктоого аракеттенген. Анын пикири боюнча батыш маданияты сөзсүз түрдө жок болуп турган цивилизациянын тилкесине кирди. Анын бул китеби эки дүйнөлүк согуштун аралыгында өтө зор ийгиликке жетишкен. Мунун себеби, анда ошол учурдагы жашоо философиясын жактоочулар (Эрнст Юнгер, Людвиг Клагес ж. б.), ошондой эле билимдүү адамдардын кеңири чөйрөсү (кара; Курмандыкты күтүү) карманган рухка каршы туруунун тарыхый фактылары негизге алынган имиш.

Ошол кезде эле курч сынга алынган бул китеп бүгүнкү күндө андагы чалагайымдыктын (Шпенглер философия үчүн гана жашаган философияны ар убак жек көрүп келгендигин моюнга алган) жана фактылардын өтө үстөмдүгүнүн айынан («акыйкатка караганда факты маанилүүрөөк») жагымсыз талкуулардын жемине айланууда.


Жалпысынан Шпенглер идея менен реалдуулуктун, рух менен турмуш чындыгынын ортосундагы шайкешсиздикке байланышкан өтө оор проблеманы ашкере эле жөнөкөйлөтүп жиберген тайкы позитивизмге жол берген. Кийинчерээк ал бир катар башка эмгектерди да жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]